1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

384

Сасык тумоонун алдын алуу аракеттери

Азыркы учурда сасык тумоо күч алган учур. Сасык тумоо – аба-тамчы аркылуу жугуучу курч вирустук жугуштуу оору. Оору айкын ысытма жана жогорку дем алуу жолдорунун жабыркашы менен мүнөздөлөт.

Мындан улам, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттин медициналык пунктунун кызматкерлери жана "Ден соолукту чыңдоо" борборунун жетекчиси Жамийла Худайбердиева менен биргеликте "Сасык тумоону алдын алуу" аталышында окутуучулук курамга жана студенттерге семинар болуп өттү. Негизги максат азыркы учурда жүрүп жаткан курч респиратордук инфекцияларды алдын алуу болуп саналат. Аталган илдет боюнча лекция окулуп, акысыз маалымат барактары таратылды. Иш-чаранын катышуучулары сасык тумоо деген эмне, анын белгилери, туура дарылануу, сактануу жолдору жана оору пайда болгон учурда кайда кайрылуу керек деген суроолорго толук жооп ала алышты.

Ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчиси Жамийла Худайбердиеванын айтымында көпчүлүк сасык тумоону жеңил деп көңүл кош мамиле кылган менен бул көптөгөн жугуштуу ооруларды козгошу мүмкүн. Ошондуктан алдын алуу чаралары мсаанилүү. Ал эми ооруну болтурбоо үчүн тамактанууга көңүл буруу жарыл жана өз алдынча дарыланууда сак болуу керектиги айтылды. 

Эскерте кетсек, көпчүлүк учурларда сасык тумоо инфекциясы өзүнөн-өзү өтөт. Дарылоо сасык тумоонун ысытма, жөтөл, тамактын оорушу ж.б.у.с. жышаандарын жоюуга багытталышы керек. Бейтаптар өз абалын байкап, начарлап кетсе, медициналык жардам алыш үчүн кайрылышы абзел. Сасык тумоо болгондо төшөктө жатуу өтө зарыл. Инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн кыйыр таасирлери бар дары-дармектер менен өзүн-өзү дарылоодон алыс болуу, башка адамдар менен тыгыз байланыш түзбөө сунушталат.

Бейтаптарга суюктукту көп ичүү, спирт ичимдиктеринен жана тамекиден баш тартуу, ысытманы түшүрүү жана булчуң ооруларын басуу үчүн дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча дары ичүү сунушталат.