ЖАМУнун медициналык пунктунун дареги өзгөрүлдү
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык пунктунун жаңы дареги Жалал-Абад шаары Роза Азимова көчөсү-49 (104,108)
- ЖАМУнун аймагында (окуу корпустарында, жатаканаларда, иш-чаралараж.б.) сапатту медициналык жардам көрсөтүү (тизмеде болгон даары дармектерди колдонуу менен);
- Саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарды жана нормативдүү доркументтерге ылайык тейлөө аймагында оорунун алдын алуу жана профилактикалык, ден-соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштуруп өткөрүү жана жыл сайын кызматкерлер жанастуденттерди медициналык кароодон өткөрүү;
- Медициналык пунктун негизги максаты университеттин кызматкерлерин жана студенттерин сергек жашоого үндөө, ден-соолугун чындоого үндөө, диагностикалык жана реабилитациялык иш чараларды уюштуруу;
- Университтеттин кызматкерлерине жана студенттерине медициналык консультация берүү жана бейтаптарды шаардыкклиникаларга жана бейтапканаларга жөнөтүү;
- Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана өнөкөт оорусу менен оруган кызматкерлерге жана студенттерге диспансердик байкоо жүргүзүү;
- Университеттин жатаканаларынын, тамактануучу жайлардын санитардык-гигиеналык абалына байкоо жүргүзүү жана текшерүү (жатаканалардын, окуу жайлардын тамактануу жайлары, ж.б.).
Медициналык пункт өзүнүн ишмердүүлүгүндө тармактар (кафедралар, институттар, факультеттер, колледждер, канцелярия, кадр бөлүмү) менен жана медициналык тармактагы башка ишканалар менен тыгыз кызматташып келет.