1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

148

1

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун корпустарынын санитардык абалы текшерилди

     Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин СТИ боюнча проректору Турдубаев Э.К.  жана медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан корпустардын санитардык абалы текшерилди.

Текшерүүнун максаты жаны окуу жылына корпустардын санитардык даярдыгы  жана жугуштуу орулардын алдын алуу болуп саналат. 

  Оорулар адамдан адамга түз же кыйыр түрдө жугушу мүмкүн. Инфекция организмге патогендик микроорганизм (вирус же бактерия) бекем жайгашып, ал жерде өсүп жана көбөйгөндө башталат.

  Жугуштуу ооруларды жуктуруу андай оору менен (мисалы, сасык тумоо) жабыркаган адам менен байланышуу гана жетиштүү экендиги менен айырмаланат. Жугуштуу оорулар, адатта, адамдан адамга аба аркылуу жугат, микроорганизмдер организмге мурун, ооз же көз аркылуу кириши мүмкүн.

Текшерүүдө бир катар одоно көрүнүштөр байкалып эскертүүлөр берилди: имараттардын айлана чөйрөсү , аудиториялардын тазалыгы жана аптечкалардын жоктугу .