1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

127

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун бала бакчасын санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан текшерилди 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад   мамлекеттик университетинин алдындагы мектепке чейинки бала бакчаны санитардык эпидемиологиялык борборунун адистери Бакирова Үлпат Надирбекова жана Болонова Айгүл жана  медициналык пунк тарабынан  2016-жылдын 11 апрелиндеги № 201 токтомдун 5-пункту тууралуу  бала-бакчанын кызматкерлерине ар биринин кызматык милдеттери тууралуу түшүндүрмө иштери  жүргүзүлдү жана кемчилдиктер боюнча эскертүүлөр берилди.

2016-жылдын 11 апрелиндеги № 201 токтомдун 5-пункту :"Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, аларды күтүүгө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелери жана ченемдери түрүнө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан мектепке чейинки билим берүү уюмдарда балдарды тарбиялоо, окутуу, өсүп-өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо боюнча иш жүргүзүүдө балдардын ден соолугун коргоого багытталган.