Медициналык кароодон өтүү
Кыргыз Республикасынын 16 май 2011-жылындагы №225 токтомдун негизинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2024-2025 окуу жылына карата медициналык пунктун кызматкерлери тарабынан окутуучулардын жана кызматкерлердин санитардык китепчелери текшерилди.
Мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жүргүзүүнүн максаты болуп кесиптик зыяндуулуктун таасир этүү шартында кызматкерлердин ден соолугуна динамикалуу байкоо жүргүзүү, зыяндуу кооптуу заттар жана өндүрүштүк факторлор менен ишти улантууга тоскоолдук болуучу кесиптик оорулардын алгачкы белгилерин алдын алуу да өз учурунда аныктоо, кокусунан болгон кырсыктын алдын алуу, ошондой эле кызматкерлердин ден соолугун сактоого жана эмгекке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган алдын ала жана реабилитациялык иш-чараларды өз убагында жүргүзүү саналат.
Психиатрдын кароосу текшерилүүчүнүн туруктуу катталган жери боюнча психоневрологиялык диспансерде (бөлүмдө, кабинетте) жүргүзүлөт.