1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

5 дней назад

77

ЖАМУда СПИДге каршы күрөшүүнүн бир айлыгынын алкагында «Өзүңдү коргоо – келечегиңди сакта» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата «Өзүңдү коргоо – келечегиңди сакта» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда, окуу жайдын медициналык пунктунун медайымы Т. Касымбекова жана Жалал-Абад облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун диспансердик бөлүмүнүн дарыгерлери З. Алишерова менен Н. Мырзабекованын катышуусунда конок лекция өткөрүлдү.

Лекциянын жүрүшүндө адистер АИВ/СПИД тууралуу кеңири маалымат берип, төмөнкү темаларга токтолушту:

АИВ жана СПИД түшүнүктөрү;

Кыргыз Республикасындагы эпидемиологиялык абал жана статистика;

АИВдин келип чыгышы жана белгилери;

Вирустун жугуу жолдору;

Алдын алуу чаралары жана диагностикалоо;

Дарылоо ыкмалары тууралуу токтолуп, баяндамачылар студенттердин суроолоруна жооп берип, АИВ боюнча тестирлөө жүргүзүлдү жана маалыматтык баракчалар таратылды. АИВ тууралуу туура маалыматка ээ болуунун, алдын алуу чараларын билүүнүн жана ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылуунун маанилүүлүгү белгиленди. «АИВ/СПИД – бул айыккыс илдет» темасында видеороликтер даярдалып, катышуучулардын эмгектери бааланды. Мыкты даярдык көргөндөргө дипломдор жана медайым Т.Касымбекова тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

Эске салсак, ЖАМУда АИВ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча                         1-ноябрдан 1-декабрга чейин бир айлык жарыяланган. Анын алкагында институттарда жана колледждерде куратордук ачык сааттар, тегерек столдор, диспуттар, викториналар өткөрүлүп, сергек жашоону даңазалаган маалыматтык контенттер даярдалган. Бул КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 29-октябрдагы №90т катын аткаруу максатында уюштурулууда