КИЧИ ФУТБОЛ РЕКТОРДУН КУБОГУ
Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине арналган республикалык ЖОЖдор аралык профессордук-окутуучулар курамы жана кызматкерлер арасында спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү.
Бул мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, ошол командалар менен катар Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 40 жашка чейинки курама командасы да беттеш алып барды.
Финалдык беттешүүгө ОшМУнун жана ЖАМУнун курама командалары I, II орун үчүн күч сынашты. Оюн кызыктуу жана жогорку деңгээлде өткөндүгүн эске алып, ОшМУнун жетекчилиги тарабынан ЖАМУнун курама командасына I орун ыйгарылды.
Женүүчүлөр диплом, медаль, акчалай сыйлык жана кубок менен сыйланды.
ОшМУнун жетекчилигине жана уюштуруу тобуна ЖАМУнун жетекчилиги жана “Ден соолук” спорт борбору тарабынан терең ыраазычылык билдиребиз.