МЕНИН ДЕН СООЛУГУМ-МЕНИН УКУГУМ
Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана Жалал-Абад облустук саламаттык сактоо координатору тарабынан уюштурулган 7–апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган “Менин ден соолугум-менин укугум” аттуу ураанынын астында массалык чуркоо иш-чарасы болуп өттү.
Марафонго Жалал-Абад шаарынын мекеме иш каналарынын кызматкерлери жана жогорку, орто окуу жайлары менен бирге Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мугалимдер жамааты жана студентери да катышты.
Иш-чара катышуучулардын 1500 чакырым аралыкта чуркоосу менен башталды жана ушул аралыкты ЖАМУнун студеттери алдыңылардан болуп маара сызыгын басып өттү. Ошондой эле командалык 1-орунду багындырды. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана баалуу белектер тапшырылды.