1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

59

1

“Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешинде ЖАМУнун студенти 3-орунга ээ болду

Монголияда өтүп жаткан “Open Ulaanbaatar” рейтингдик мелдешинде килемге чыккан спортсмендер арасынан Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун Юк-1-24 тайпасынын студенти  Акыл Сулайманов байгелүү 3-орунга ээ болду. Акыл Сулайманов 60кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, беттешин чейрек финалдан баштаган. Алгачкы беттешинде Кытайлык каршылашын утуп, жарым финалда Түндүк Кореялык атаандашына 0:9 эсебинде утулуп калды. Коло медаль үчүн беттеште Түштүк Кореялык Сеунхак Ким менен беттешип,9:0 эсебинде каршылашын ишенимдүү утуп, коло медалга ээ болду