1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

423

1

КЫРГЫЗ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КУРАМА КОМАНДА 2-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары арасындагы чемпионаты 2024-жылдын 25-мартынан , 28-апрелге чейин Бишкек жана Ош шаарларында “Жаштык” дирекциясы тарабынан уюштурулууда. Спорттун 18 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп жатат.

Бул чемпионатка Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун курама командаларында, спорттун 11 түрүнөн катышып күч сынашып жатышат. Алар баскетбол, футбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, бокс, кыргыз күрөш, эркин күрөш, греко-рим күрөшү жана жеңил атлетика.

Ден соолук борборунун директору Низамидин Абдурахимовдун айтымында, окуу жайдын алгачкы ийгилиги Ош шаарында болуп өткөн кыргыз күрөш мелдеши болгон. Анда ЖАМУнун кыргыз күрөшү боюнча курама командасы,  командалык 2-орунду ээлеп диплом, медаль кубок жана 30000 сомдук сертификаты менен сыйланышкан.

Жеңүүчүлөр:

1. Каримов Бактыбек                       55кг салмакта     1-орун;

2. Рустамжан уулу Белек                60кг салмакта     3-орун;

3. Текебаев Абубакир                     66кг салмакта     2-орун;

4. Сабиров Абдунаби                      74кг салмакта     2-орун;

5. Жыргалбек уулу Адилет             74кг салмакта     3-орун;

6. Көчкөнбаев Нуралы                    84кг салмакта      2-орун;

7. Кабылов Акылбек                        96кг салмакта      2-орун;

Машыктыруучу:  Анарбаев Касым Тураталиевич