1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

29

ЖАМУнун студенти Эрлан Марс уулу Азия чемпиону аталды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасынын ДТ-1-23 тайпасынын студенти Марс уулу Эрлан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону аталды.

Вьетнам Социалисттик Республикасынын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында (U-17 жана U-23) Кыргыз Республикасынын курама командасы 6 медаль жеңип алышты.

Алардын арасынан Эрлан Марс уулу ЖАМУнун студенти, ал 82 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль тагынды.

ЖАМУнун жалпы жамааты Азия чемпиону болгон Марс уулу Эрланды куттуктайт жана мындан аркы мелдештерде дагы ийгиликтерди багындыруусун каалайт.