1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

97

Универсиада-2026: Жалал-Абад мамлекеттик университети грек-рим күрөшүндө алдыңкы сапта

2026-жылдын 17–18-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын “Жаштык” дирекциясынын спорттук базасында Универсиада–2026 алкагында грек-рим күрөшү боюнча республикалык мелдеш жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Спорттук иш-чарага өлкөнүн 12 жогорку окуу жайынан 100дөн ашуун студент катышып, күч сынашты.

Бул мелдеште Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери активдүү катышып, бир катар алдыңкы орундарды багындыра алышты. Алардын жыйынтыктары төмөнкүчө:

55 кг салмакта Элимбек Абдыкеримов 3-орунду ээледи;

63 кг салмакта Акыл Сулайманов 1-орунду, Нурмухаммед Токторов 2-орунду багындырды;

67 кг салмакта Байжан Дордоков 3-орунга татыды;

77 кг салмакта Темирланов Шеров чемпион аталып, Сыймык Мамасадыков 3-орунду камсыз кылды;

82 кг салмакта Урматбек Эргешов 3-орунду ээледи.

Жалпы командалык эсепте университеттин командасы жогорку жыйынтык көрсөтүп, 2-орунду багындырды. Биринчи орун Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына ыйгарылса, 3-орун И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тийди.

Команданын машыктыруучусу Салаев Алтынбек Жунусалиевич студенттердин жетишкендиктерин жогору баалап, алардын эмгеги, тартиптүүлүгү жана жеңишке болгон умтулуусу келечекте дагы чоң ийгиликтерге жетелерине ишеним билдирди.

Бул жеңиштер Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт тармагындагы потенциалы жогору экенин дагы бир жолу далилдеп, жаш спортчулар үчүн чоң шыктандыруу болду.