1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

43

ЖАМУнун студенттери Азия чемпионатында ийгилик жаратты 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери 13–14-апрель күндөрү “Жаштык Арена” спорт комплексинде алыш белбоо күрөшү боюнча Азия чемпионатында алдыңкы орундарды ээледи.

Мелдеш эркин жана классикалык стиль боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында уюштурулду.

Аталган чемпионатта ЖАМУнун дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасынын ДТ-1-22 тайпасынын студенти Мырзайым Шайбекова 65кг чейинки салмак категориясында эркин стиль боюнча күрөшүп, Азия чемпиону аталды.

Ал эми Жалал-Абад педагогикалык колледжинин ДТ-1-23 тайпасынын студенти Жакыпова Асель 55кг чейинки салмак категориясында классикалык стиль боюнча күч сынашып, байгелүү 2-орунду ээледи.

Спортчулардын ийгилигине чет тилдер колледжинин дене тарбия окутуучусу, машыктыруучу Анарбаев Касымдын салымы чоң.