1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

250

ЖАМУнун футзал боюнча курама командасы жеңүүчү аталды

Жалал-Абад облустук футбол ассоциациясы тарабынан уюштурулган 2025–2026-жылкы сезонундагы футзал боюнча облустук биринчилик ийгиликтүү аяктады.

Бул мелдешке жалпысынан 22 команда катышып, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин футзал курама командасы  жеңилүүсүз ойноп, 1-орунду ээлеп, команда келерки сезонунда өтө турган ЖАЛФУТЛИГАнын  Премьер лигасына жолдомо утуп алды.

 Ошондой эле сыйлоо аземинде мыкты оюнчулар аныкталып,  мыкты коргоочу – ЖАМУнун экономика жана укук колледжинин дене тарбия  окутуучу-машыктыруучу Жандарбек уулу Элдияр

Мыкты бомбардир –Дене тарбия, спорт жана АЧД кафедрасынын

 ДТ-1-25 тайпасынын студенти Тажидинов Нурмухаммедге берилди.