1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

2 недели назад

21

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр арасыныдагы жыйын өттү

2025-жылдын 24-декабрында, Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун негизинде иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр арасында жыйын өттү. Жыйындын максаты – иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна шарт түзүү жана билим берүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо. Жолугушууга өлкөнүн белгилүү билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, иш берүүчүлөр, ошондой эле институттун бүтүрүүчүлөрү катышты. Жыйындын аягында дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасына келген иш берүүчүл менен да жекече, чакан жыйын өткөрүп бүтүрүүчүлөр арасындагы байланыштарды чыңдоо, практикалык сабактардын сапатын жакшыртуу жана келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бир катар сунуштар айтылды. Педагогикалык институттун жетекчилиги жыйындын маанилүүлүгүн белгилеп, түштүк регионундагы билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча дагы көп иштер жасалуусу керек экендигин белгиледи. Жыйындын соңунда бүтүрүүчүлөргө  ыраазычылык билдирилип, ишке орношуу боюнча пландар жана келечектеги багыттар тууралуу кеңешмелер өткөрүлдү.