1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

152

1

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТАТАРСТАНДАН БАЙГЕЛҮҮ КАЙТТЫ

Бел боо күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

        Кыргыз Республикасынын бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Татарстан Республикасынын Казань шаарында болуп өткөн Дүйнө чемпионатында 14 медаль  (3 алтын, 4 күмүш, 7 коло) жеңишти.

Алардын катардында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин ДТ 1-21 тайпасынын студенти Мырзайым Шайбекова да 68 кг салмакта катышып, Бел боо күрөшүнүн эркин түрү боюнча 3-орунду ээледи.

Студентибиз Шайбекова Мырзайымды жана машыктыруучусу Анарбаев Касымдын ийгилиги менен куттукайбыз – дейт ден соолук борборунун директору Н.Абдурахимов.