1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

4 месяца назад

206

АКЫЛ СУЛАЙМАНОВ ЧЕМПИОН

Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин ДТ 1-21 тайпасынын студенти Сулайманов Акыл, Казакстан Республикасынын Атырау шаарында болуп өткөн OilCapitalCup2024  Эл аралык мелдешине катышып 60 кг салмакта 1-орунду ээледи.

Спортчубуз Акыл Сулаймановду жана машыктыруучусу Алтынбек Жунусалиевич жеңиши менен куттуктап мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз!

Буга чейин Сулайманов Акыл Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатына катышып 1-орунду ээлесе, Өзбекстан Республикасынын  Ташкент шаарында болуп өткөн “Uzbek botirlari Grand Prix -2024”  Эл аралык мелдешине катышып күмүш байгенин ээси болгон.