1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Ден-соолук борбору
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

16

ЖАМУнун колледждер аралык курама командасы футзал боюнча Спартакиадада чемпиондукка жетишти!

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттеринен түзүлгөн курама команда Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарынын арасындагы Спартакиадада футзал боюнча мыкты оюн көрсөтүп, 21 команданын ичинен 1-орунду багындырды!

Аталган мелдеш 2026-жылдын 9–17-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлүп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген командалар катышты.

ЖАМУнун намысын коргогон курама команданын курамында төмөнкү студенттер оюн көрсөтүштү:

1. Абдувалиев Омурали — ДТк-3-24, ПК;

2. Жантороев Билал — ДТк-3-24, ПК;

3. Келдибеков Ооматбек — УТк-8-25, ЭУК;

4. Парпиев Чынгыз—УТк-01-26 ЭУК;

5. Калмурзаев Саян — УТк-01-26 ЭУК

6. Хамдамов Канатбек — ТМТк-2-25, ЭУК;

7. Турдумаматов Бектур — ФАРМ-2-25, МК;

8. Алишеров Жалил — ОС-1-26, МК.

9. Тагаев ЖАныбек—БАСк-3-24 ЖАК.

Команданын машыктыруучусу: Жандарбек уулу Элдияр.

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун жамааты жеңишке жетишкен студенттерди жана машыктыруучуну чын жүрөктөн куттуктайт! Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтерди жана жеңиштерди каалайбыз!

ЖАМУ — билимде да, спортто да алдыда!