1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Жаңылыктар

10 месяцев назад

169

САНАРИПТЕШТИРҮҮ БОЮНЧА ЖАШТАР ФОРУМУ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында 19-апрель күнү регионалдык санариптештирүү боюнча жаштар форуму болду.

ЖАМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Эсенбек Турдубаевдин айтымында, форум КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, жалал-Абад шаалдык мэрия жана ЖАМУ тарабынан уюштурулду. Шаардагы тиешелүү ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер жана студенттер катышышкан.

Ошондой эле Инфокомдун жетекчиси баяндама жасап, бирдиктүү база жөнүндө айтып өттү. Ал эми Түндүк тиркемесинин адиси, андагы мүмкүнчүлүктөр, колдонуу шарттарын айтып, жарандар аталган тиркемени колдонуу менен убакытты жана чыгымдарын азайта алышаарын баса белгиледи.

Форумдун катышуучулары кызыккан же болбосо өздөрүнө түшүнүксүз болгон жагдайлар жөнүндө суроолорун беришип, жеринде жоопторуна ээ болушту.