БИРДИКТҮҮ САЛЫК ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында бирдиктүү салык декларациясын түзүп жана берүү боюнча семинар болду.
Семинар мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан уюштурулду. Ага окуу жайдын эмгек жамааты катышып, кызыккан суроолорун берип, жеринде жоопторуна ээ болушту.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салык декларациясын ар бир адам электрондук негизде толтура алаарын айтып, кантип толтуруу керектиги боюнча түшүндүрүп беришти. Ошондой эле санариптештирилгендигине байланыштуу кезек күтүп же салык кызматынын ишканасына барбастан өз кызмат ордунда олтуруп салык декларациясын толтурса болоорун белгилешти. Салык декларациясы 2024-жылдын н өз убагында толтуруп бербеген жарандарга айып пул салынаары айтылды.