БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жалпы эмгек жамааты 1-июнь балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата, “Бакыт” облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборуна жана “Ак жол” облустук реаблитациялык борборуна жакындан колдоо көргөзүштү.
Социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Э.К.Турдубаевдин айтымында окуу жай ар жылы балдарга материалдык колдоо көргөзүп келет. Бул жолу “Бакыт” облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборундагы жана “Ак жол” облустук реаблитациялык борборундагы жаш балдарга ректор К.Ж.Усеновдун жана эмгек жамааттын атынан 28650 сом акчалай белек тапшырылды. Балдар биздин келечегибиз, балдар жылмайса аалам жылмайат-андыктан ар бир наристебиздин бактылуу күлкүсү жаңырып турсун – дейт Э.К.Турдубаев.