1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

5 дней назад

69

ЖАМУнун ректору К.Ж. Усенов Бишкекте өткөн III Орусия-Кыргыз билим берүү форумунун панелдик талкуусунда сөз сүйлөдү

2026-жылдын 1–2-октябрында Бишкекте III Орусия-Кыргыз билим берүү форуму (РКОФ-2026) болуп өттү. Форумду Россотрудничество, Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети жана Кострома мамлекеттик айыл чарба академиясы Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен уюштурду. Форумдун иштерине Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин делегациясы катышты, аны техника илимдеринин доктору, профессор Кенешбек Жумабекович Усенов жетектеди.

1-октябрда КРСУнун аянтчасында ЖАМУнун ректору «Кампустан коомчулукка: университеттердин, ыктыярчылардын жана коммерциялык эмес уюмдардын аймактардын туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешкен демилгелери» деген панелдик талкууда сөз сүйлөдү. Талкуунун модератору Россотрудничествонун жетекчисинин орун басары Наталия Киселева болду. Талкууга Россиянын жана Кыргызстандын университеттеринин ректорлору менен проректорлору, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин жана Россиянын  ЖОЖдорунун бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө К.Ж. Усенов ЖАМУнун тажрыйбасы жөнүндө айтып берди. 2022–2026-жылдары университет өзүнүн атайын каражаттарынын эсебинен заманбап кампус куруп, пайдаланууга берди: тогуз окуу корпусу, илимий-лабораториялык корпус, чоң спорт зал, 500 орундуу ашкана, бизнес-инкубатор, жаштарды өнүктүрүү борбору жана башка объекттер. Рухий-адеп-ахлактык жана дене тарбиялык өнүктүрүү Концепциясынын алкагында кампустун базасында ири жаштар форумдары, тренингдер жана интеллектуалдык оюндар өттү: «Модель ООН», «Модель СНГ», «Модель Жогорку Кеңеш», «Жаш лидер — 2025», «Социалдык долбоорлор: идеядан реалдуу аракетке чейин», «Кыялымдагы Кыргызстан Жалал-Абад». Аларга бардык факультеттердин, институттардын жана колледждердин студенттери, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун, Манас шаардык мэриясынын жана башка университеттердин өкүлдөрү катышты.

Ректор ЖАМУ студенттик ыктыярчылыкты жана социалдык демилгелерди агартуу, инклюзия, жумуш менен камсыздоо, экология жана маданият чөйрөлөрүндө натыйжасы өлчөнгөн туруктуу долбоорлорго айландырууга даяр экенин белгиледи. Социалдык жана жаштар ишкердигинин аянтчасы болуп бизнес-инкубатор жана жаштарды өнүктүрүү борборлору саналат. Ал университеттик долбоорлордун социалдык таасирин иш-чаралардын санына карап эмес, жергиликтүү коомчулуктун жашоосундагы жана аймактардын өнүгүүсүндөгү сапаттык өзгөрүүлөргө карап баалоону сунуштады. Ректор Президент Садыр Жапаровдун студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгү жөнүндөгү Жарлыгы жана 2027–2031-жылдарга жатакана куруу программасы Россиянын жана Кыргызстандын университеттерин аймактарды өнүктүрүү долбоорлорунун тармагына бириктирүүгө кошумча мүмкүнчүлүк ачаарын басса белгиледи. «ЖАМУ өнөктөштүккө ачык жана аймактарыбыздын туруктуу өнүгүүсү үчүн иштеген университеттердин, КЭУлардын жана ыктыярчылардын жалпы тармагынын бир бөлүгү болууга даяр».

Ошол эле күнү К.Ж. Усенов «Жаңы типтеги университет командасы: тышкы суроо-талапты биргелешкен долбоорго кантип айландыруу» атту атайын сессияга катышты. 2-октябрда ректор И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медициналык университеттердин Орусия-Кыргыз консорциумунун жыйынынын салтанаттуу ачылышына катышты.

ЖАМУнун эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин директору Русланбек Нурмаматович Арапбаев 2-октябрда К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде агрардык университеттердин Орусия-Кыргыз консорциумунун иштеринин жыйынтыгын талкуулоого жана «Топурактын биоинженериясы жана так дыйканчылык: Кыргызстандын агросектору үчүн келечектин технологиялары» панелдик талкуусуна катышты.

Форумга катышуу ЖАМУга Орусиянын жана Кыргызстандын университеттери, КЭУлары жана индустриясы менен өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

#РКОФ2026