1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

230

ЖАМУ Түрк дүйнөсүнүн билим берүү келечегин бирге курууда

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү мейкиндигиндеги өз ара кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган эл аралык демилгелерге активдүү катышууда.

2026-жылдын 5–14-сентябрь күндөрү Түркиянын Анкара шаарында YTB тарабынан уюштурулган ORTAK программасы өтүүдө. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Венгриядан жогорку билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышууда. Программанын алкагында жогорку билим берүү саясаты жана стратегиялары, сапатты камсыздоо жана аккредитация, санариптик трансформация жана билим берүү технологиялары боюнча атайын окутуулар өткөрүлүүдө.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атынан программага университеттин ректорунун кеңешчиси, техника илимдеринин доктору Атабек Пакырович Алибаев катышууда. Ал ЖАМУда көп жылдар бою жетекчилик кызматтарды аркалап, анын ичинде 2016–2025-жылдары окуу иштери боюнча проректор — биринчи проректор болуп эмгектенген.

Программада өзгөчө көңүл эл аралык академиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен билим берүү программаларын түзүүгө, ошондой эле билим берүүнүн келечектеги багыттарына жана жогорку билим берүү саясатын өркүндөтүүгө бурулууда. Катышуучулар академиялык отурумдарга, практикалык иштерге жана Түркиянын тиешелүү мекемелерине таанышуу сапарларына катышууда.

Бул программанын негизги максаттарынын бири — Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин ортосунда туруктуу байланыштарды түзүү, тажрыйба алмашууну күчөтүү жана жаңы биргелешкен демилгелерге жол ачуу.

Программага катышуунун алкагында Атабек Алибаев Түркиянын жогорку билим берүү системасынын алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү, Кыргызстан менен Түркиянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, сапатты камсыздоо жана аккредитация жаатындагы тажрыйбаларды өздөштүрүү, ошондой эле биргелешкен илимий долбоорлорду, окутуучулар менен студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн жана алмашуу программаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасоодо.

ЖАМУнун ORTAK программасына катышуусу — бул тажрыйба алмашуу гана эмес, Түрк дүйнөсүнүн университеттери менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү чыңдоого, жаңы академиялык байланыштарды түзүүгө жана биргелешкен билим берүү менен илимий долбоорлорду өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам.

ЖАМУ — Түрк дүйнөсү менен бирге билимдин, илимдин жана күчтүү өнөктөштүктүн келечегин курууда!