1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

290

ЖАМУда жаңы эл аралык мүмкүнчүлүктөр: Фулбрайт адистери университеттин билим берүү мейкиндигине жаңы дем берет

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 2026–2027-окуу жылында англис тилин тереңдетип үйрөнүүгө, тилдик чөйрөнү кеңейтүүгө жана Америка Кошмо Штаттарынан келген адистер менен түздөн-түз тажрыйба алмашууга жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.

Бүгүн АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин билим берүү программалары боюнча кеңешчиси Джонатан Перл, Фулбрайт программасынын координатору Гүлзат Кочорова ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты Сталбек Куваков жана Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Руслан Арапбаев менен жолугуп, университетке келген Фулбрайт программасынын адистерин тааныштырды.

Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин колдоосу менен «Fulbright English Teaching Assistantship» программасынын алкагында АКШнын Айдахо штатынан келген Коул Макартни (Cole McCartney) жана Нью-Йорк штатынан келген Одри Аслани-Фар (Aurey Aslani-Far) бир жыл бою ЖАМУда англис тилин окутуу боюнча адис катары эмгектенишет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Фулбрайт адистеринин университеттеги ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары талкууланды. Алар Филология институтунун Англис тили жана адабияты, ошондой эле Маданияттар аралык байланыштар жана лингвистика кафедраларында штаттык окутуучу катары билим берүү процессине катышып, студенттердин англис тили боюнча практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошушат.

Мындан тышкары, ЖАМУнун окутуучулары, студенттери жана мектеп окуучулары үчүн Фулбрайт адистеринин катышуусунда Америка борборунда англис тили курстарын, сүйлөшүү клубдарын жана тилдик-практикалык иш-чараларды уюштуруу пландаштырылууда.

Бул демилге университетте эл аралык академиялык чөйрөнү кеңейтүүгө, англис тилин практика жүзүндө өздөштүрүүгө жана АКШнын билим берүү тажрыйбасы менен түздөн-түз таанышууга өбөлгө түзөт.

ЖАМУ — дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине жол ачкан университет!

Англис тилин үйрөнүүгө жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга кызыккан бардык окутуучуларды, студенттерди жана окуучуларды жаңы мүмкүнчүлүктөргө активдүү катышууга чакырабыз!