1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

ЖАМУнун өкүлү "ISAED 2026" эл аралык конференцияда илимий баяндама жасады

2026-жылдын 29–31-июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Шихэцзы шаарындагы Шихэцзы университетинде «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында 2026 Belt and Road International Conference on Smart Agricultural Equipment Development (ISAED 2026) аттуу эл аралык илимий конференция болуп өттү. Эл аралык иш-чара акылдуу айыл чарба техникасын өнүктүрүүгө, илимий-инновациялык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрү менен академиялык тажрыйба алмашууну чыңдоого багытталды.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети конференцияга өнөктөш жогорку окуу жай катары катышып, расмий уюштуруучу өнөктөштөрдүн катарына кирди. Бул университеттин эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жана дүйнөлүк академиялык мейкиндиктеги активдүү ишмердүүлүгүнүн дагы бир көрсөткүчү болуп саналат.

Конференциянын «Айыл чарба өндүрүшүндөгү интеллектуалдык техникаларды инженердик колдонуу» секциясында ЖАМУнун Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин директору Арапбаев Русланбек Нурмаматович «Күрүч боолорун табигый буу-жылуулук менен иштетүү (ферментациялоо) процессин математикалык моделдөө жана оптималдаштыруу» аттуу илимий баяндамасын сунуштады. Баяндама конференциянын расмий илимий программасына киргизилип, катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Конференцияга Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Малайзия жана башка өлкөлөрдүн университеттеринен, илимий борборлорунан жана инженердик академияларынан окумуштуулар, изилдөөчүлөр, инженерлер жана адистер катышып, интеллектуалдык айыл чарба техникасы, санариптик технологиялар, так дыйканчылык, сугат системалары жана агроөнөр жайындагы инновациялар боюнча илимий изилдөөлөрүн сунушташты.

ЖАМУ өкүлүнүн мындай эл аралык илимий форумга катышуусу университеттин илимий-изилдөө потенциалын кеңири таанытууга, эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайлары менен туруктуу илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.