1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

2 дня назад

99

ШИНЖАҢ КЫЗЫЛ-СУУ КЫРГЫЗ АВТОНОМ ОБЛУСУНУН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНЕ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛДИ

2026-жылдын 8-июнунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Шинжаң Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун партиялык комитетинин туруктуу мүчөсү, вице-губернатор Вэнь Гуанхуа жана Синьцзяндын функционалдык айыл чарба биоинженериясы боюнча негизги лабораториясынын директору Жэнь Маочжи ошондой эле Ян Чжуннэн, Жэнь Маочжи, Шэнь Цзяньпин, Йилихээрбайке, Пэн Ю жана Ху Игандан турган делегация курамы иш сапары менен келди. Аларды университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Жумабекович Усенов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Кытай айыл чарба илимдер академиясынын Шаардык айыл чарба институту, Синьцзяндын функционалдык айыл чарба биоинженериясы боюнча негизги лабораториясы жана Чэнду улуттук айыл чарба технологиялар борборунун ортосунда стратегиялык кызматташуу жөнүндө төрт тараптуу келишимге кол коюлду.

Келишим «Бир алкак, бир жол» демилгесинин алкагында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун өнүгүү потенциалын эске алуу менен илимий, технологиялык жана өндүрүштүк кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган. Документ кызматташуунун бир катар артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.

Алардын катарында акылдуу жана экологиялык туруктуу функционалдык айыл чарба тармагында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, Кыргызстандын селенге бай аймактарында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана рынокко чыгаруу механизмдерин өнүктүрүү, тоолуу жана шор баскан жерлерди натыйжалуу  пайдалануу боюнча технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу каралган.

Мындан тышкары, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун багыты боюнча биргелешкен лабораторияларды жана илимий борборлорду түзүү, Жалал-Абад – Синьцзян – Чэнду багытындагы кызматташтык мейкиндигинде демонстрациялык базаларды жана технологиялык парктарды уюштуруу, ошондой эле биомедицина, белоктук технологиялар жана адистерди даярдоо жаатындагы тажрыйба алмашуу пландаштырылууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар чек аралык кызматташтыктын илимий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту. Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусу менен Кыргызстандын географиялык жакындыгы жана тарыхый-маданий байланыштары келечектеги биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошумча шарт түзөрү белгиленди.

Иш сапардын алкагында делегация университеттин кампусу жана Конфуций институтунун ишмердүүлүгү менен таанышып, келечекте жайгаштырыла турган биргелешкен лабораториялар үчүн сунушталган аймакты көрүп чыгышты. Ошондой эле коноктор Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорунун штабына расмий визит жасашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында билим берүү, илим, инновация жана технология тармактарындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкчылык билдирилди.