1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 неделю назад

87

ЖАМУ менен Миссури университетинин ортосундагы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

ЖАМУда билим берүү жана эл аралык кызматташтык багытындагы маанилүү жолугушуу болуп өттү. Университетке АКШдагы  Миссури (University of Missouri) университетинин Эл аралык программалар боюнча проректору Mэри Стегмайер жана аталган окуу жайда бакалавриат жана магистратура программаларында билим алып жаткан студенттер келишти. Жолугушууга ЖАМУнун окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери активдүү катышып, америкалык билим берүү системасы тууралуу кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Мэри Стегмайер Миссури университетинин академиялык мүмкүнчүлүктөрү, заманбап инфраструктурасы жана эл аралык студенттер үчүн түзүлгөн шарттары тууралуу кеңири баяндама жасады. Өз сөзүндө ал студенттер үчүн жеткиликтүү болгон Research Assistantship жана Teaching Assistantship программаларына өзгөчө токтолуп, бул мүмкүнчүлүктөр билим алуу менен бирге илимий изилдөөлөргө катышууга жана окутуу процессине көмөк көрсөтүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Мындан тышкары, университеттеги окуу процесси, кампустагы студенттик жашоо, маданий иш-чаралар, жатакана шарттары жана эл аралык студенттерге көрсөтүлүүчү колдоо кызматтары тууралуу кеңири маалымат берилди. Жолугушуу жылуу жана ачык маанайда өтүп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Мындай жолугушуулар студенттердин дүйнөлүк билим берүү мейкиндиги тууралуу түшүнүгүн кеңейтип, эл аралык академиялык мобилдүүлүккө болгон кызыгуусун арттырууда чоң мааниге ээ. Иш-чаранын соңунда тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.