1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

113

Кыргыз-корей кызматташтыгынын жаңы этабы: Университетке King Sejong Institute Foundation фондунун өкүлдөрү келди

2026-жылдын 25–26-май күндөрү ЖАМУга King Sejong Institute Foundation фондунун инспекциялык тобу келип, университетте «Сежонг Хакдан» корей борборун ачуу боюнча берилген арыздын алкагында текшерүү иштерин жүргүздү.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын февраль айында ЖАМУ корей борборун ачуу боюнча расмий арыз тапшырып, тандоонун биринчи этабынан ийгиликтүү өткөн. Делегациянын курамында King Sejong Institute Foundation фондунун эки өкүлү жана бир көз карандысыз эксперт болду.

Мындан тышкары, университетке Халла университетинин эл аралык кызматташтык боюнча директору Howard Lee келди. Халла университети ЖАМУнун «Сежонг Хакдан» корей борборун ачуу демилгесиндеги өнөктөшү болуп саналат. Эске салсак, эки университеттин ортосундагы кызматташтык тууралуу келишим өткөн жылдын декабрь айында түзүлгөн.

Иш сапардын алкагында Ховард Ли филология жана экономика-юридикалык институттарынын студенттери менен жолугушуу өткөрүп, чет өлкөдө билим алуу жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле ЖАМУнун студенттери үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу маалымат берди. Өзгөчө көңүл Халла университети менен өнөктөштүктүн алкагында ачылып жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөргө бурулду. Бүгүн ошондой эле Чет тилдер колледждин студенттери менен жолугушуу пландалууда.

Инспекциялык топтун расмий иш сапары университеттин ректору менен болгон жолугушуудан башталды. Жолугушуунун жүрүшүндө ректор университеттин негизги ишмердүүлүк багыттарын, жетишкендиктерин жана келечектеги өнүгүү пландарын тааныштырып, корей борборун ачуу менен байланышкан мүмкүнчүлүктөр жана күтүлгөн жыйынтыктар тууралуу кеңири маалымат берди.

Тараптар борбордун келечектеги өнүгүү пландарын, корей тили менен маданиятын жайылтуу жолдорун, билим берүү процессин уюштурууну жана эл аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуу жемиштүү жана конструктивдүү маанайда өттү.

Андан соң King Sejong Institute Foundation фондунун өкүлдөрү келечектеги корей борбору үчүн даярдалган аудиториялар жана инфраструктура менен таанышышты.

Иш сапардын жыйынтыгында инспекциялык топ университет өкүлдөрү, Халла университетинин эл аралык кызматташтык боюнча директору жана корей тили багытынын окутуучулары менен биргеликте ЖАМУда «Сежонг Хакдан» борборун ачуу боюнча акыркы корутундуларды жана сунуштарды чыгарат.