1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

3 недели назад

37

1

ЖАМУнун окумуштуусу эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык жыйынында баяндама жасады

2026-жылдын 13–14-май күндөрү Өзбекстан Республикасынын Анжиян облусундагы Дан жана буурчак өсүмдүктөрү илимий-изилдөө институтунда «Глобалдык климаттын өзгөрүшүнө туруктуу дан, буурчак, май жана тоют өсүмдүктөрүнүн сортторун түзүү. Жогорку түшүм алууда заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун перспективалары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан окумуштуу Арапбаев Русланбек Нурмаматович катышып, пленардык жыйында «Кыргызстандын бренддик күрүч сортторун кайра иштетүүнүн салттуу технологияларын сактоонун инструменти катары этноинженерия» аттуу баяндама жасады.

Конференциянын алкагында Дан жана буурчак өсүмдүктөрү илимий-изилдөө институтунун директору Равшанбек Сидиков  менен жолугушуу өтүп, илимий кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана агрардык изилдөөлөр багытында тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.