1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

36

ЖАМУнун Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин Америка борбору боюнча башкы адиси Манас Мурзалиев Шри-Ланкада эл аралык окуу курсунан өтүп келди

ЖАМУнун Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин Америка борбору боюнча башкы адиси Манас Мурзалиев 2026-жылдын 20–24-апрель күндөрү Шри-Ланканын Коломбо шаарында өткөн Америка борборлорунун долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды натыйжалуу башкаруу боюнча квалификацияны жогорулатуу эл аралык окуу курсуна катышып келди.

Бул окуу программасы Америка борборлорунун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, заманбап долбоорлорду пландоо, ишке ашыруу жана баалоо механизмдерин жакшыртуу, ошондой эле коомчулук менен иш алып баруунун инновациялык ыкмаларын өздөштүрүүгө багытталган. Катышуучулар стратегиялык пландоо, гранттык долбоорлорду даярдоо, бюджет түзүү, мониторинг жана баалоо (M&E), команда менен иштөө жана туруктуулукту камсыз кылуу сыяктуу маанилүү темалар боюнча терең билим алышты.

Аталган эл аралык курска Кыргызстандан эки өкүл катышып, мындан тышкары АКШ, Индия, Пакистан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Бангладеш жана башка өлкөлөрдөн келген Америка борборлорунун координаторлору жана адистери тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чара ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда кесиптик байланыштарды чыңдоого, мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн негиз түзүүгө өбөлгө болду.

Окуу курсу АКШнын Элчилиги тарабынан каржыланып, жогорку деңгээлде уюштурулду. Программа алкагында катышуучулар практикалык тапшырмаларды аткарып, топтук долбоорлорду иштеп чыгып, өз өлкөлөрүндө ишке ашыра турган конкреттүү иш-пландарды түзүштү.

Бул эл аралык тажрыйба ЖАМУдагы Америка борборунун ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүүгө, студенттерге жана жаштарга багытталган билим берүү, англис тилин өнүктүрүү, санариптик сабаттуулук жана лидерлик боюнча жаңы демилгелерди ишке ашырууга өбөлгө болот.