1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

35

Синьцзян университети менен тажрыйба алмашуу

2026-жылдын 20–24-апрель күндөрү Конфуций институту тарабынан уюштурулган иш сапардын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) профессордук-окутуучулук курамы жана Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин өкүлдөрү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян университетинде тажрыйба алмашуу программасына катышып келишти.

Программанын алкагында Синьцзян инженердик институту, Синьцзян чет тилдер институту, Туризм институту, Синьцзян экономика жана башкаруу институту, ошондой эле Синьцзян эл аралык маданияттар аралык байланыш институту менен академиялык жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык келишиминин негизинде биргелешкен кош диплом берүү программаларын ишке ашыруу, окутуучулар жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, ошондой эле биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Аталган тажрыйба алмашуу программасына ЖАМУнун төмөнкү өкүлдөрү катышты: Агрардык-техникалык институтунун директору Карбекова А., Электр энергетикасы жана механика кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Кошбаев А.А., Фармация кафедрасынын башчысы Осмонова Б.М., ошондой эле Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаментинин жетектоочу адиси Фоизова Р.Ш.

Бул иш сапар ЖАМУнун эл аралык кызматташтыгын чыңдоого, билим берүү жана илимий чөйрөдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө маанилүү салым кошот.