1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

158

ЖАМУ SILKWAY долбоорунун алкагында энергетика тармагы менен кызматташууну бекемдейт

2026-жылдын 23-апрелинде Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде SILKWAY долбоорунун маалымат күнү өткөрүлдү. Иш-чарага энергетика тармагынын өкүлдөрү, окутуучулар жана электр энергетикасы жана механика кафедрасынын студенттери катышты. Иш-чара электр энергетикасы жана механика кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Кулумкан Кокумбаева, University of Cádiz университетинен долбоордун координатору Хавьер Искьердо Антон жана университеттин ректору, т.и.д., профессор К.Ж. Усеновдун куттуктоо сөздөрү менен ачылды. Алар өз сөздөрүндө долбоордун заманбап билим берүүнү өнүктүрүүдөгү жана өндүрүш менен кызматташууну чыңдоодогу маанисин белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга SILKWAY долбоорунун максаттары, негизги багыттары жана күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Айрыкча кайра жаралуучу энергия багытындагы билим берүү программаларын өнүктүрүүгө жана студенттердин практикалык көндүмдөрүн калыптандырууга басым жасалды. Ошондой эле долбоордун алкагында иштелип чыккан жаңы окуу курстары тааныштырылып, алардын студенттер жана окутуучулар үчүн ачкан мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Иш-чаранын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — кайра жаралуучу энергия лабораторияларын жана долбоор аркылуу алынган заманбап жабдууларды көрсөтүү болду. Бул катышуучуларга университеттин техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышууга шарт түздү. Маалымат күнүнүн алкагында стейкхолдерлер менен консультациялык сессия өткөрүлүп, анда энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү эмгек рыногунун учурдагы талаптарын, керектүү кесиптик көндүмдөрдү жана бүтүрүүчүлөргө болгон күтүүлөрүн талкуулашты.

Иш-чарага төмөнкү тармак өкүлдөрү катышты:

Арзыбаев Алмаз — СРС бөлүмүнүн жетектөөчү инженери

Султаналиев Бекзад — СПС бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Кожояров Жолдош — ЦГПС мастери

Сабиткулов Бахтияр — МСРЗА бөлүмүнүн жетектөөчү инженери

Калилов Жусуп — МСИЗПИ бөлүмүнүн жетектөөчү инженери

Камчиев Талант — ВВС бөлүмүнүн башчысынын орун басары

Абдырахманов Ильяс — МССДТУ инженери

Абазов Орунбек — «Манас сбыт» мекемесинин башчысы

Ошондой эле талкууга электр энергетикасы жана механика кафедрасынын окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты. Суроо-жооп жана талкуу сессиясында катышуучулар пикир алмашып, билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүү жолдорун талкуулашты. Иш-чара университет менен өндүрүш өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө багытталган нетворкинг-сессия менен жыйынтыкталды.

Долбоор тууралуу маалымат

Project Reference: 101179683

Project Title: SILKWAY - Development of Transversal and Sustainable Skills for the Production of Electricity and Heat from Renewable Energy

Дисклеймер

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган. Бул материалда айтылган пикирлер жана көз караштар авторлорго гана таандык болуп, Европа Биримдигинин же Билим берүү жана маданият боюнча аткаруучу агенттигинин (EACEA) расмий позициясын чагылдырбайт. Европа Биримдиги жана EACEA бул маалымат үчүн жоопкерчилик тартпайт.