1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

АКШ Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда билим берүү иш-чаралары

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жана Америкалык борбордо АКШнын Бишкектеги Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар билим берүү жана агартуу иш-чаралары өттү.

2026-жылдын 15-апрелинде ЖАМУда жана Америкалык борбордо АКШ Элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда билим берүү жана агартуу багытындагы бир катар иш-чаралар уюштурулду. Күндүн программасына сүйлөшүү клубдары, эл аралык программалар боюнча презентациялар жана окутуучулар үчүн кесиптик тренингдер болду.

Иш чара Talking Club (сүйлөшүү клубу) менен башталып, аны Аурелия англис тили курсунда окуган студенттер жана мектеп окуучулары үчүн Америкалык борбордун чоң конференц-залында өттү. Катышуучуларды тосуп алышып, АКШ Элчилигинен келген коноктор менен тааныштырышты. Өзгөчө көңүл Fulbright алмашуу программаларынын презентациясына бурулду. Доклад менен элчинин маданий маселелер боюнча кеңешчиси Джефф Бантинг, ошондой эле англис тили боюнча адистер Моника Джанг жана Джейк Адамс чыгышты. ЖАМУнун катышуучулары — окутуучулар, эл аралык байланыштар жана рейтинг департаментинин кызматкерлери, администрация өкүлдөрү жана студенттер — чет өлкөдө окуу жана стажировка өтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат алышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Күндүн экинчи жарымында Аурелия тарабынан уюштурулган Freedom250 темасындагы Spelling Bee сынагы өткөрүлдү. Катышуучулар англис тили боюнча жогорку деңгээлдеги билимдерин көрсөтүштү, ал эми алардын чыгыштарын чакырылган эксперттер баалашты. Иш-чаранын алкагында Freedom250 долбоорунун материалдары да сунушталып, коноктор тематикалык сүрөттөрдү алып келишти. Катышуучулар QR-коддор жана видеоматериалдар аркылуу алар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле интерактивдүү форматта оозеки сүйлөө көндүмдөрүн өнүктүрүштү.

Иш-чаранын жыйынтыгында ЖАМУнун англис тили окутуучулары үчүн Джейк Адамс жана Моника Джанг тарабынан тренинг өткөрүлдү. Тренингдин жүрүшүндө окутуунун заманбап ыкмалары жана практикалык усулдары каралды.

Өткөрүлгөн иш-чаралар эл аралык кызматташууну бекемдөөгө, студенттердин тилдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана окутуучулардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түздү.