1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жарнама

3 дня назад

5

Словакия Республикасынын стипендиялык программасы жарыяланат 

2026/2027-окуу жылына карата окуу, илимий, чыгармачылык жана окутуучулук стажировкалардан өтүү үчүн Словакия Республикасынын Улуттук стипендиялык программасына катышууга арыздарды кабыл алуу башталды. Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү — 2026-жылдын 30-апрели, саат 16:00гө чейин. Бул программа Словакия Республикасынын жогорку окуу жайларында жана илимий-изилдөө уюмдарында стажировка өтүүнү каалаган чет өлкөлүк студенттерди, докторанттарды, окутуучуларды, илимий жана чыгармачыл кызматкерлерди колдоого багытталган. Программа тууралуу кеңири маалымат, маалыматтык буклет жана онлайн арыз берүү мүмкүнчүлүгү төмөнкү сайттарда жеткиликтүү:www.stipendia.sk же www.scholarships.sk Улуттук стипендиялык программа боюнча суроолор жаралган учурда талапкерлер төмөнкү байланыштар аркылуу түз кайрыла алышат:- Кристина Саллерова (nspsk@saia.sk) — Словакияда туруктуу жашаган, бирок чет өлкөдө жүргөн талапкерлер үчүн;- Сильвия Липовска (nspforeign2@saia.sk) — чет өлкөлүк талапкерлер (студенттер жана докторанттар) үчүн;- Ондрей Арадский (nsp-foreign@saia.sk) — чет өлкөлүк талапкерлер (окутуучулар, илимий жана/же чыгармачыл кызматкерлер) үчүн.