1. Башкы бет
  2. Эл аралык байланыштар жана рейтингдер департаменти
  3. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Өзбекстандын консулу менен жолугушуу

2026-жылдын 4-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде (ЖАМУ) Өзбекстандын Ош шаарындагы консулдугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун консулу – Балтабаев Азамат Аминович, консулдуктун кызматкери – Хомиджонов Исроилжон Алимжанович, КР ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы атташеси  – Сабыркулова Мунара Кубанычбековна, Медициналык институттун директору Сакбаева Зульфия Исраиловна жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Фоизова Рошана катышты.

Жолугушууга Манас шаарындагы бардык университеттерде окуган Өзбекстандык студенттер чакырылды. Иш-чарада чет элдик студенттердин Кыргыз Республикасында мыйзамдуу болуу эрежелери жана визалык маселелер талкууланды. Студенттер өз суроолоруна жоопторду алышты.

Медициналык институттун директору Сакбаева Зулфия Исраиловна студенттердин жетишкендиктерине токтолуп, «Дарылоо иши» адистиги боюнча билим алып жаткан Өзбекстандык студент Комолдинова Дилнавоздун жеңил атлетика боюнча мелдештердеги жана университеттин стартап долбоорлорундагы жетишкендиктри жөнүндө сөз сүйлөдү. Мындан тышкары, медициналык институттун бүтүрүүчүсү Усаров Абдумалик окуусун ийгиликтүү аяктап, ЖАМУда медициналык карьерасын баштаганы белгиледи.

Балтабаев Азамат Аминович университеттин коллективине жана эл аралык байланыштар бөлүмүнө чет элдик студенттер менен активдүү иштөө жана мыйзам бузуулардын алдын алуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Өзбекстандык студенттердин жетишкендиктерине кубанып, бул ЖАМУнун чоң салымы экенин баса белгиледи. Ошондой эле ЖАМУнун студенттер менен иштөө тажрыйбасын башка университеттерге жайылтуу маанилүү экенин айтты.