1. Башкы бет
  2. Эл аралык ишкердүүлүк
  3. Жаңылыктар

11 месяцев назад

97

"Ачык Билим Берүү ресурстары" 

 Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 6-февраль күнү аспиранттар, окутуучулар жана китепканачылар үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан колдоого алынган “Жаркын келечек үчүн билим алуудагы тенчилик жана жеткиликтүүлүк” (Equity and Access to Knowledge for a Better Future” долбоорунун алкагында “Ачык Билим Беруу ресурстары, Creative Commons ачык лицензиялары: Мугалимдер үчүн мүмкүнчүлүктөр” аттуу тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.

            Долбоорду ишке ашыруучулар - АКШ Мамлекеттик департаментинин алмашуу программаларынын катышуучулары, КРдин жогорку окуу жайларынын жана коомдук китепканаларынын кызматкерлери: Бекбалаева Ж.А. (илимий китепкананын директору, Борбордук Азидагы Америка университети- БААУ), Кожоканова Т.А. (китепканачы-адис, Борбордук Азидагы Америка университети), Кыдыралиева Г.А. (илимий китепкананын директору, С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети), Мурзалиев Манас (Америка маалымат-ресурс борбору, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад мамлекеттик университети) жана Каджиева Т.С. (Чуй облустук китепкананын директору).