Индиянын элчиси Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде

2025-жылдын 28-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Кыргыз Республикасындагы Индиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси расмий иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында элчи университеттин ректору жана Индиядан келген студенттер менен жолугушуп, алар үчүн түзүлгөн шарттар жана окуу процесси менен таанышты. Ошондой эле, студенттердин жаңы чөйрөгө ыңгайлашуусу үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди. Элчи университеттин жогорку деңгээлде уюштурулган окуу системасын жана инфраструктурасын жогору баалады. Ошондой эле ал университеттин кызматкерлерине кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуш кылган ITEC (Indian Technical and Economic Cooperation) программасына активдүү катышууну сунуштады.
Жолугушуунун соңунда ректор кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, расмий ыраазычылык катын тапшырды. Өз кезегинде элчи Индия менен Кыргызстандын ортосундагы академиялык жана маданий байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, университеттин Индиядан келген студенттерге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.