Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Кыргыз-Япон Билим Берүү Фонду ортосундагы кызматташтык
2024-жылдын 11-декабрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз-Япон Билим Берүү Фондунун өкүлдөрүн кабыл алды. Визиттин негизги максаты -университеттин базасында япон тили жана маданияты борборун ачуу.
Бул борбордун негизги максаты-кыргыз жаштарына япон тилин үйрөнүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүү, ошондой эле Японияда билим алуу, практикадан өтүү жана Япониянын алдыңкы университеттеринде стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүктөрү жана жумушка орношу боюнча көмөк көрсөтүү.
Өз кезегинде, Кыргыз-Япон билим берүү фонду борборду япон тилин үйрөтүү боюнча жогорку квалификациялуу мугалимдер менен камсыз кылат, ошондой эле эффективдүү окуу үчүн керектүү методикалык материалдарды камсыздайт.
Бул борбор Кыргызстан менен Япониянын академиялык жана маданий алмашуусун кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп, эки өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоого өз салымын кошот.