АКШнын Тенесси университетинин адиси ЖАМУда окутуучулар үчүн тренинг өтүүдө
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмү АКШ Элчилигинин колдоосу менен англис тилин окутуунун усулу боюнча 3 жумалык долбоор ишке ашырыла баштады.
Бул долбоордун алкагында АКШнын Тенесси университетинен келген англис тили боюнча адис Джил Тайсон ЖАМУнун филология факультетинин, Жалал-Абад колледжини жана К.Төрөмаматов атындагы Эл аралык университетинин англис тил окутуучуларына окутуунун жаны усулдары жана заманбап техникалык каражаттарды англис тилин үйрөтүүдө колдонуунун ыкмалары боюнча тренинг өтүп жатат.
Тренингдин максаты жогорку окуу жайларда чет тилдерин окутуунун сапатын жакшыртуу жана окутуучулардын квафикациясын жогорулатуу болуп эсептелет. Тренинг 15-июнга чейин уланат.