1. Башкы бет
  2. Эл аралык ишкердүүлүк
  3. Жаңылыктар

8 месяцев назад

104

АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адистери  22-23-24 апрель күндөрү академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча факультеттердин 1-курсунун студенттерине маалымат беришти.

Академиялык мобилдүүлүк программасынын жана башка окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде студенттер 1 семестр же 1 жыл (өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү) ЖОЖдордо билим алып келишсе болот. Программага 1-курстун студенттери окуу жылынын II семестринен, 2-курс жана 3-курстун студенттери катыша алышат.

Программага катышуу үчүн студенттер деканатка (координаторго) төмөнкү документтерди берүүсү зарыл:

- студенттин өтүнүч-арызы;

- чакыруунун көчүрмөсү, мамлекеттик же расмий тилде котормосу менен кошо (чакырууда сапарды өтөө мөөнөтү, максаты жана окутулуучу дисциплиналардын тизмеси камтылууга тийиш);

- учурдагы транскрипти;

- окутуу боюнча үч тараптуу келишим;

- окуу графиги ( окуу графиги студенттин жеке окуу планына ылайык кабыл алуучу ЖОЖдо окулуучу дисциплиналардын тизмесин жана өзү окуган ЖОЖдо ДОТ менен окутулуучу дисциплиналардын тизмесин өзүнө камтууга тийиш;

- чет тилдерди билүүсүн күбөлөндүрүүчү документ ( сертификат ).