Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер ЖАМУда
Кечээ, 21 май Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер ЖАМУда болуп, окуу жайдын ректору Усенов Кеңешбек Жумабекович менен жолугушту.
Жолугушуунун негизинде Николас Боулер окуу жайдын ишмердүүлүгү: билим берүү, илимий изилдөө жана эл аралык байланыштар жөнүндө кененирээк маалымат алып, факультеттер менен таанышты.
Факультеттерде элчи профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, англис тилин үйрөнүүгө түзүлгөн шарттар менен жакындан таанышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Николас Боулер окуу жай менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, байланыштарды өркүндөтүгөө көмөктөшөөрүн билдирди.