Индиянын Кыргызстандагы элчиси ЖАМУга иш сапары менен келди
2024-жылдын 17 майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Арун Кумар Чаттерджи мырза иш сапары менен келди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Арун Кумар Чаттерджи университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып жана учурдагы ЖАМУнун Индиядагы университеттери менен кызматташтык иштери тууралуу сөз кылды.
Өз кезегинде элчи Медицина факультетиндеги Индиядан келип окуган студенттер менен жолугушуп алардын окуусун жана жетишкендиктерин белгилей кетти.
Мындан тышкары студенттердин жана университеттин жетишкендиктерин арттыруу максатында ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.