- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
САНАРИП ТУРИЗМ ПЛАТФОРМАЛАРЫН КОЛДОНУУ
Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү Американын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен Кыргызстанда айыл жеринде ишкерликти күчөтүүгө жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоорунун алкагында уюштурулган санарип туризм платформаларын колдонуу тренингине катышуу үчүн Жалал-Абад-Арстанбап-Ош-Гүлчө-Баткен-Кызыл-Кыя шаарларынан катышуучуларды алдын ала каттоо анкетасы толтурулуп, жыйынтыгында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессордук-окутуучулары жана студенттери да катышуу укугуна ээ болушту. Тренинг Кыргызстандын бардык айыл/шаарларында өткөрүлүп, максаты - аймактардагы жаштар жана кыз-келиндердин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу менен туризм тармагындагы эмгектенген, конок үйү бар жана ачууну пландап жаткан, ошондой эле туризм тармагында иштеген эксперт/тренерлер үчүн Санарип Туризм платформаларын колдонуп, туристерди онлайн кабыл алууну үйрөтүү. 1-күндүк тренингде Instagram, Facebook социалдык тармактарын жана Whatsapp Business мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну; Google Maps, 2GIS карталарын колдонуу жана ага катталууну; Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio сыяктуу мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну өздөштүрүү. Долбоордун алкагында катышуучулар санариптик көндүмдөрдү кеңири үйрөнүшүп, анын ичинде санарип туризм платформалары менен иштөө маселелери менен таанышышты. Бул окуу программа аркылуу Google Business, Google Maps, 2GIS, Booking.com, Airbnb, Shelter, Travelline PMS, Edelweiss PMS жана WhatsApp Business, Instagram, Facebook сыяктуу саякат индустриясы үчүн маанилүү алдыңкы санарип платформалары менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатышты. Жыйынтыгында окууга катышып, өз билимдерин жогорулатып, конок үйүн ийгиликтүү иштетип, же конок үйүн жаңы ачып жакшы жетишкендиктерге жетүү болуп саналат. Тренингдин соңунда окутуучулар А.Молдомусаева, Д.Т.Тажибаева жана студенттерибиз Т.Алимжанова, А.Зуруева, К.Атакелдиева, Э.Абдирашитова, А.Арзибекова, Акматилла кызы Асель жана У.Мийманбаевалар “Санарип туризм платформалары аркылуу аялдардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу” долбоорунун санарип туризм тренингине катышкандыгы үчүн сертификаттарга ээ болушту - деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов.