1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

458

СТУДЕНТТЕРДИН КЕЗЕКТЕГИ СТАРТАП ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК БИЗНЕС ИДЕЯЛАРЫНЫН ПРЕЗЕНТАЦИЯЛОО ИШ ЧАРАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

«Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинде» студенттердин кезектеги стартап жана инновациялык бизнес идеяларын презентациялоо иш чарасы болуп, ага ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору техника илимдеринин кандидаты, доцент Куваков Сталбек Жеңишбекович, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы башкы адиси Баймырзаева Айнагүл Иманбековна, Ишкердикти колдоо борборунун юрист-консультанты Ильясбек Жусуев жана бизнес-инкубатор боюнча колледждердин жана факультеттердин жооптуу кызматкерлери, профессордук-окутуучулук курам, аспиранттар, магистранттар, студенттер катышышты. Иш чаранын максаты, ишкердик ишмердүүлүк менен иштөөнү жана стартап долбоорлорду ишке ашырууну, илимий иштелмелерин коммерциялаштырууну каалаган студенттер, профессордук-окутуучулук курам үчүн шарттарды түзүү, жакындан жардам берүү маселелери болуп саналат. Окуу жайыбыздын илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору Сталбек Жеңишбекович жогорудагы маселелер боюнча төмөнкүлөргө токтолду: 2022-жылдын 1-сентябрында ачылган Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) бир топ студенттер бош убактысын текке кетирбей өздөрүнүн тандап алган багыттары боюнча (санарип технологиялар, медицина жана ден соолук, өндүрүштүк технологиялар, ресурс үнөмдөөчү технологиялар, креативдүү индустриялар) стартап идеяларынын үстүндө иштешип, мамлекет тарбынан бир миллион сомго чейинки гранттарды жеңип алышкандыгын айтып, ал үчүн борбордо толук шарттар бар экендигин баса белгилеп өттү. Айта кетсек, Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин студенттери Айкыз Азимжанова  тарабынан (жет:Төрөбекова А.Э.) “Талкан-fresh” долбоору,  Э.С.Курбанова (жет:Төрөбекова А.Э.) тарабынан “Зордук-зомбулуктан тынчтыкка стартап долбоору” жана Жалал-Абад колледжинин  ПОВТАС адистигинин студенти Д.А.Кутбидинов (жет:Г.Чекиргозова) тарабынан “Сайт түзүү кызматы” жана КМТШИК адистигинин студенттери Калилова Тахмина “Кечки аземге кийилүүчү көйнөктөр”, Тажикулова Района “Өзбек улуттук кийимдери (кызга сеп)”, Касымбекова Медина “Кол өнөрчүлүктөн тапкан кирешелер” жана стартаперлердин жетекчилери Н.С.Мамажунусова, Абдыманап кызы Дамира эжекелер тарабынан “Жалал-Абад колледжиндеги студенттердин тиккен көйнөктөрү жана алардагы кирешелер” аталышында стартап көргөзмөлөрү уюштурулуп, чакырылган конокторго жана көрүүчүлөргө тартууланды. Сөзгө чыккан Кыргызпатенттин өкүлү Айнагүл Иманбековна жана юрист-консультант Ильясбек Жусуевдер студенттерге жана стартап командалардын иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге, баалуу сунуштарын билдирип,  студенттердин, профессордук-окутуучулук курамдын стартап долбоорлорун/бизнес идеяларын ишке ашыруу, илимий-изилдөөчүлүк жана  тажрыйбалык-конструктордук иштелмелерин жүргүзүү жана алардын натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн инвестицияларды тартууга көмөктөшөөрүн ошондой эле бул багытта тиешелүү кеп, кеңештерин берип турушаарын белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында стартапчыларга угуучулар тарабынан кызыктырган суроолор берилип, тийешелүү жооптор алынды. Мыкты инновациялык бизнес идеялардын презентациялары тандалып алынып, кийинки баскычтарга сунушталды – деп билдирди бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун жетекчиси Б.Н.Алымкулов.