1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

379

ИДЕЯНЫ ИШТӨӨЧҮ БИЗНЕСКЕ АЙЛАНДЫРУУ АРАКЕТИ

Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун  Медициналык колледжинде кезектеги студенттик стартап идеялардын презентациялоо иш чарасы болуп, ага Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун директору Б.Н.Алымкулов, Медициналык колледждин жетекчиси Курстанбаев Актилек Мурзаевич, окуу жайдын бизнес-инкубатор боюнча жооптуу кызматкери Алимбаева Гульбайра Эргешовна, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышышты. Иш чаранын негизги максаты, студенттер менен профессордук-окутуучулук курамдын инновациялык жана ишкердик идеяларын коммерциялаштыруу процессин уюштуруу, ошондой эле адистерди базар экономикасынын реалийлерине жана ишкердик ишмердүүлүгүнүн талаптарына даярдоо болуп саналат. Б.Н.Алымкулов катышуучуларга Бизнес-инкубатордун ишмердүүлүгү боюнча кеңири маалымат берип - бул студенттерге, профессордук-окутуучулук курамга алардын ишкердик ишмердүүлүгүн жана инновациялык идеяларын уюштурууда жана өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү жана көмөктөшүү боюнча каражаттар менен чаралардын жыйындысы катары инновациялык өндүрүмдү жана жаңы технологияларды түзүүгө багытталган илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди жүргүзүүгө катышуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү жаратат деп баса белгилеп өттү. Андан соң Фарм-3-22 тайпасынын студенти Кубатбекова Айгерим - "Жаратылыш белеги", Фарм-1-23 тайпасынын студенти Абдукадырова Дилисхор - “Дилисхор-Бренд”,  Фарм-2-23 тайпасынын студенти Акрамжанова Нозимахон - “Студенттик басма” стартап идеяларынын бизнес-моделдерин, долбоордун багытын, долбоордун аталышын, андагы маселелер, баалуулук сунуштарын, чечим, атаандаштар, негизги өнөктөштөр, долбоорду баштоо үчүн керектүү негизги ресурстар, долбоорду баштоо үчүн зарыл болгон негизги аракеттер, кардарлар менен болгон мамилелер, каржылык көрсөткүчтөр, масштабдуулук жана өнүгүү перспективаларын баяндап беришти. Иш чаранын жүрүшүндө угуучулар тарабынан стартаперлерге суроолор берилип, керектүү жооптор алынды. Актилек Мурзаевич өз сөзүндө студенттерди бул багытта активдүү болууга чакырып, азыркы учурда жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр жаратылгандыгын, кыска мөөнөт ичинде стартап идеяны иштөөчү бизнеске айландыруу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып, Гульбайра Эргешовнанын жетекчилиги менен студенттер арасында бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгын белгилеп өттү. Айта кетсек окуу жайда буга чейин студенттик “Экостудия жана  Startup-долбоору”, “Онлайн-Аптека”, “Фито-Бар” стартаптары уюштурулган. Жыйынтыгында мыкты стартап идеялары үчүн активдүү катышкан студенттерге окуу жай тарабынан ыраазычылык каттар жана дипломдор тапшырылды – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор)  директору Б.Н.Алымкулов