1. Башкы бет
  2. Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
  3. Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

141

КЫРГЫЗПАТЕНТМЕНЕНКЫЗМАТТАШТЫК

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ортосундагы облуста интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнү колдоо максатында өз ара аракеттенүү жөнүндөгү 2024-жылдын 23-апрелиндеги Макулдашуунун милдеттерин аткаруу максатында, Жалал-Абад облусундагы жогорку жана орто окуу жайларында 2025-жылдын 13-14-февраль күндөрү интеллектуалдык менчиктин натыйжаларына, жекелештирүү каражаттарына укуктарды жана авторлордун мүлктүк укуктарын, укук ээлеринин, чектеш укуктар ээлеринин укуктарын башкаруу системасы боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү. Иш чаранын максаты, студенттерге жана профессордук-окутуучулук курамга интеллектуалдык менчикти (патенттер, автордук укук, чектеш укук, товардык белгиси ж.б.) коргоонун укуктук негиздери, жарандык жана эл аралык укук ченемдери, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин укуктарын башкаруу тууралуу терең түшүнүк берүү. Жогорудагы иш чараларды аткаруу максатында ЖАМУда «Интеллектуалдык менчикке укуктук коргоо берүүнүн жолдору жана мааниси” аттуу конок лекция өткөрүлүп, Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери: Б.Б.Ибрагимов, А.И.Баймырзаева, А.Ш.Алымкулов, Д.Н.Жумаевалар тарабынан Кыргызпатенттин ишмердүүлүгү жөнүндө. Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик укуктары жана эл аралык келишимдер, Интеллектуалдык менчикке укуктук коргоо берүүнүн жолдору. Патент жана автордук укук алуу боюнча мыйзамдар жана аларды колдонуу тартиби, Товардык белги, тейлөө белгилер каттоонун зарылчылыгы жана мүмкүнчүлүктөрү, Жаңы инновацияларды коргоо жана аларды коммерциялаштыруу жолдору аттуу баяндамалар окулду. Угуучулар тарабынан баяндамачыларга кызыктырган суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Ошондой эле уюштуруучулар Кыргызпатент тарабынан жарыяланган сынактар боюнча да толук маалыматтарын беришип, мындан ары да жаш стартапчыларга, ойлоп табуучуларга, студенттерге жана профессордук-окутуучуларга жогорудагы маселелер боюнча өздөрүнүн практикалык жардамдарын жана керектүү жерде зарыл болгон консультацияларын берип тураарын баса белгилеп өтүштү – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов