- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
СТАРТАП: МЕНИН БИРИНЧИ ИЙГИЛИГИМ

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин бизнести колдоо жана өнүктүрүү боюнча жооптуу окутуучусу Торобекова Айжамал Эгемовна тарабынан “Стартап: менин биринчи ийгилигим” аталышында студенттик идеялардын презентациялоо иш чарасы болуп өттү. Негизги максаты; жыл ичинде студенттердин бизнес-инкубатордон алган теориялык билимдерин, практикалык түрдө ишке ашырып, андан ары иштеп чыгылган стартап идеяларды коммерциялаштыруу, автордук өндүрүлгөн иштелмелерге күбөлүктөрдү алуу, патенттештирүү болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө, Азимжанова Айкыз Мухтаржановна – Талкан Fresh, Курбанова Эркинай Сабырбековна – Эко – стиль: Камыш в интерьере, Чирмашева Айзат – Chyrai-Brend, Рустамбек кызы Элвира – Таттуу тоголок, Жороматова Бурулай Сейитбековна – Шуру Lent, Маматалиева Элина Максатбековна – Чачтагы мончоктун кооздугу жана көркү, Мухтаралиева Эльнура – Менин сүйүктүү жаныбарым аттуу студенттик стартап идеяларын презентациялоо аркылуу тартуулашты. Атап айтсак, бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын өкүлдөрү да күбө болушуп, жаш стартаперлерге бул багытта терең билим алып, келечекте өлкөбүздүн социалдык, экономикалык өсүп өнүгүүсүнө өз салымыңыздарды кошууңуздарга ишенебиз жана ал үчүн сиздердин окуу жайда толук шарттар бар экен деп өздөрүнүнүн каалоо тилектерин билдирип өтүштү. Жыйынтыгында катышуучулар тарабынан стартап командаларга, өздөрүнүн долбоорлорунун үстүндө дагы да изденүү иштерин улантууларын, ошондой эле азыркы тез өнүгүп жаткан ааламдашкан коомдогу күчтүү аттандаштыкта билим гана баарынан жогору тураарын белгилешип, келечектеги окууларына жана изилдөө иштерине ийгиликтерди каалашты - деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун жетекчиси Б.Н.Алымкулов