- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
“ТАЗА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ” ҮЧҮН АКЦИЯ !!!
5-июнь – Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнүн белгилөөнүн алкагында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин Алдыңкы тажрыйба борборунда “Таза айлана-чөйрө” деген темада Жалал-Абад шаарынын тургундары, коноктору жана студенттери үчүн акциянын экинчи этабы уюштурулду. Максаты: айлана-чөйрөнү коргоо, учурда түрдүү ооруларды пайда кылып жаткан полиэтилен баштыкчаларын таза, экологиялык жактан талапка жооп бере турган баштыкчаларга алмаштырууга салым кошуу болуп саналат. Маалым болгондой Полиэтилен баштык маселеси чоң көйгөй болууда. Экологияга тийгизген зыяны абдан курч экени белгилүү. Полиэтилен баштыкчалар жана бөтөлкөлөр аз дегенде 500 жыл кармалып турат. Полиэтилен баштыктарын колдонуудан көп мамлекет баш тартты. Маалыматтарга таянсак, чыгарылган таштандынын 40 пайызын полиэтиленден жасалган буюмдар түзөт. Өлкөбүздө 400дөн ашуун таштанды калдыктарды сактоочу жайлар бар экени аныкталган. БУУнун маалыматына караганда, 40 жыл мурун сейрек пайдаланылган целлофан баштыктардын азыр дүйнөдө жыл сайын бир триллион даанасы өндүрүлүп жатат. Алар океандардын түбүнөн тартып Эвересттин чокусуна чейин келип жетти. Ал эми деңиз жаныбарларынын курсагынан пластик заттар табылганы да эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп келет. Эгерде бул көрүнүштөр сакталса, 2050-жылга карата океандарда балыкка караганда пластик көп болот деген божомолдор бар. Мына ошондой көйгөйлөрдүн бир аз болсо да алдын алуу жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында Жалал-Абад колледжинин табигый илимдер ПЦКсынын окутуучусу Канкулова Чолпон Тойчубековнанын жетекчилиги астында КМТШИк-2-23 тайпасы менен биргеликте акция уюштурулду. Совет доорунда чүпүрөк баштыктарды эле жууп, тазалап дүкөнгө, базарга көтөрүп барып эле, азык-түлүк салып колдончубуз. Ал эми сүт-айранды айнек бөтөлкө менен сатып алып, аны чогултуп кайра тиешелүү жерлерге өткөрөт элек. Андан экологияга эч кандай зыян келбейт болчу. Учурда деле ошенткенге эмнеге болбосун – деп өз оюн билдирди акциянын уюштуруучусу Чолпон Тойчубековна. Баарыбызга маалым болгондой айлана чөйрөнү коргоо – бул ар кандай илим бутактарынын изилдөөлөрүн, жетишкендиктерин колдонуп жаратылышты булгабай, аны баштапкы абалындай таза сактоо аракетинде жасалган иш-чаралар системасы болуп саналат. Жыйынтыгында, акцияга активдүү катышкан профессордук-окутуучулук курамга, шаар тургундарына, конокторго жана студенттерге уюштуруучулар тарабынан колдо жасалган баштыкчалар белекке берилди - деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов.