- Илимий-инновациялык ишмердүүлүк
- Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борбору (Бизнес-инкубатор)
- Жаңылыктар
IPCHAINУЮМУЖАМУДА
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнез-инкубатор) IPChain уюмунун кызматкерлери тарабынан «Илим, адабият жана искусство чыгармаларынын авторлору үчүн санарип платформалар» аталышында конок лекция болуп өттү. Иш чараны ЖАМУнун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Куваков Сталбек Жеңишбекович ачып илим, билим жаатында санарип платформаларды өнүктүрүүнүн олуттуу жана маанилүүлүгүн эске алып, бул багытта алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн өлкөбүздүн эң чоң потенциалы болгон жаштарга, профессордук-окутуучулук курамга жана келген конокторго чың ден-соолук менен бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалап өттү. Иш чара автордук укукту санариптештирүү шартында коргоого арналган болуп, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана окуу жайыбыздын профессордук-окутуучулук курамы катышышты. Максаты: университетибиздин профессордук-окутуучулук курамына, изилдөөчүлөргө санариптик технологияларды өнүктүрүү шарттарында автордук укукту коргоонун жана сактоонун актуалдуу маселелери жөнүндө маалымдоо. Окуу жана илимий чыгармаларга автордук укукту фиксациялоо максатында блокчейн технологияларын колдонуу менен тааныштыруу болду. Ошондой эле иш чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасындагы IPChain Ассоциациясынын өкүлчүлүгүнүн директору, юрист, автордук укук чөйрөсүндөгү эксперт, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 20 жылдан ашык стажы бар Ырыскүл Турсуналиева - “IPChain өкүлчүлүгүнүн билим берүү уюмдары менен ишмердиги жөнүндө, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө блокчейн технологияларын колдонуу жөнүндө маалымат”, Кыргыз Республикасындагы IPChain Ассоциациясынын өкүлчүлүгүнүн директорунун кеңешчиси, автордук укук чөйрөсүндөгү эксперт, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 20 жылдан ашык стажга ээ Жыпар Садыкова - “Илим жана искусство чыгармалары автордук укуктун объектиси катары” жана IT-проектисинде 15 жылдан ашык тажрыйбасы бар Эл аралык өнүктүрүү долбоорлорун башкаруу боюнча эксперти, Кыргыз Республикасындагы NRISти өнүктүрүү боюнча директору Буняк Виктор өзүнүн “NRIS жана Art Cloud платформаларында илим жана искусство чыгармаларын санариптик сактоо” аталышындагы темалар боюнча презентацияларын көрсөтүштү. Жыйынтыгында угуучулар тарабынан автордук укук, санарип платформалар, интеллектуалдык менчик жана блокчейн технологиялары жөнүндө кызыктырган суроолорун беришип, өздөрүнө керектүү жоопторду алышты – деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнез-инкубатор) жетекчиси Б.Н.Алымкулов.