1. Башкы бет
  2. Академиялык саясат департаменти
  3. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмү
  4. Жарнама

3 недели назад

91

КУЛАКТАНДЫРУУ !!! 

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси 2026-2027-окуу жылына илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында төмөндөгүдөй адистиктер боюнча аспирантурага кабыл алууну 10-июлдан 10-октябрына чейин жарыялайт

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо төмөнкү адистиктер боюнча окуу процессин жүргүзөт:

Адистиктин шифри Билим берүү багытынын аталышы Окуу формасы Окуу формасы
1 01.00.00 Физика математикалык илимдер күндүзгү сырттан
2 02.00.00 Химиялык илимдер күндүзгү сырттан
3 03.00.00 Биологиялык илимдер күндүзгү сырттан
4 05.00.00 Техникалык илимдер күндүзгү сырттан
5 06.00.00 Айыл чарба илимдери күндүзгү сырттан
6 07.00.00 Тарых илимдери күндүзгү сырттан
7 08.00.00 Экономикалык илимдер күндүзгү сырттан
8 09.00.00 Философиялык илимдер күндүзгү сырттан
9 10.00.00 Филологиялык илимдер күндүзгү сырттан
10 11.00.00 Географиялык илимдер күндүзгү сырттан
11 12.00.00 Юридикалык илимдер күндүзгү сырттан
12 13.00.00 Педагогикалык илимдер күндүзгү сырттан
13 16.00.00 Ветеринардык илимдер күндүзгү сырттан
14 19.00.00 Психологиялык илимдер күндүзгү сырттан
15 23.00.00 Саясий илимдер күндүзгү сырттан
16 25.00.00 Жер жөнүндөгү илимдер күндүзгү сырттан
17 14.00.00 Медициналык илимдер күндүзгү сырттан

Аспирантурага кабыл алуунун тартиби:

Аспирантурада окуу күндүзгү жана сырттан окуу формасында жүргүзүлөт. Аспирантурага толук жогорку кесиптик билими же магистр академиялык даражасы жана адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет элдик жарандар конкурстук негизде кабыл алынат.

Чет өлкөлүк жарандар аспирантурага эл аралык келишимдердин негизиндеги мыйзамдарга ылайык кабыл алынат.

Окуу мөөнөтү:

күндүзгү бөлүмгө 3- жыл, сырттан окуу бөлүмүнө 4-жыл.

Окуу акысы:

- күндүзгү бөлүмүнө - 40000 сом;

- сырттан окуу бөлүмүнө - 40000 сом.

Аспирантурага документтерди кабыл алуу жылдын 10-июлдан 10-октябрга чейин  жүргүзүлөт.

Аспирантурага кирүү үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

Ø    ректордун атына арыз;

Ø    паспорттун көчүрмөсү;

Ø    жогорку окуу жайын, магистратураны бүтүргөндүгү тууралуу документтин нотариустан тастыкталган көчүрмөлөрү;

Ø    өмүр баяны;

Ø    3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

Ø    кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган өздүк баракчасы;

Ø    кафедранын кеңешмесинин аспирантурага сунуштагандыгы жөнүндөгү протоколунан көчүрмө;

Ø    кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган эмгек китепчесинин көчүрмөсү,

Ø    илимий жетекчисинин макулдугу (илимий жетекчисинин тастыкталган кол тамгасы, мөөрү менен);

Ø    илимий жетекчиси жөнүндө маалымат (кандидаттык жана доктордук диссертацияларынын шифри, адистиги, илимий даражасы, наамы, иштеген жери жана кызматы, телефон номерлери);

Ø    кадрлар бөлүмүнөн тастыкталган өздүк баракчасы                                                                                                                                                                                                                             кафедранын кеңешмесинин аспирантурага сунуштагандыгы жөнүндөгү протоколунан көчүрмө;

Ø    иштеген жерлеринен маалым кат.

Маалыматтар үчүн төмөнкү адреске кайрылсаныздар болот:

Кыргыз Республикасы, Манас ш., Р. Азимова 49, Илим бөлүмү

тел. +996 (3722) 50804, +996(555) 978 827; ватсап +996(554) 250 788.